Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда "Daewoo Tico" үлгүсүндөгү автоунаа каналга кулап, анын кесепетинен эки адам көз жумду.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 7-август күнү саат 22.30да болгон. Автоунаа Кожо-Кайыр каналына кулаган. Анын кесепетинен 63 жаштагы эки киши каза тапкан.
Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн унаадан алып чыгышты.