Адилет министри Айнур Абдылдаева ээлеген кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазган.
Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эске салсак, Айнур Абдылдаева ушул жылдын апрель айында министрлик кызматка дайындалган.