2018-жылдын 26-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында болгон жол кырсыгы учурунда адамдарды сактап калууга жардам бергендиги үчүн КР ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен 32 жаштагы Данияр Дыйканбаев сыйланды.
Даныяр Дыйканбаев Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында жайгашкан “Ак-Суу” кафесинде иштейт. Кырсык болгон түнү, 2018-жылдын 26-июл күнү саат 03:00 чамасында жол кырсыгы болгон жерге барып, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүп, автоунаасы менен Токтогул райондук ооруканасына алып барган.
“Кырсык болгон күнү, түнкү саат 03:00 чамасында мен уктап жатканмын. Апам үйгө кирип, жол кырсыгы болгондугун айтаар замат, жардам берели,- деп инилерим менен дарыянын жээгине түштүк. Суунун ортосунда турган машинанын ичинде жардам сурап турган адамдарды көрүп, иним экөөбүз сууну кечип барып, адамдарды суунун жээгине алып өтүп, автоунаага салып, ооруканага жөнөдүк”- деди Д. Дыйканбаев.
КР ӨКМнин Токтогул районундук бөлүмүнүн кызматкерлери “Ардак граммотаны” тапшыруу үчүн барган учурда Данияр Дыйканбаев Бишкек шаарында болгондугуна байланыштуу апасы Уркуя Дыйканбаевага ыраазычылык билдиришип, сыйлыкты тапшырып келишти.