- Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

 

 

 

- Атамбаевге эч ким тузак салган жок деп ойлойм. Болгону ал өзүн-өзү коррупцияга чырмап алды. Эң жакын адамдары коррупцияга шектелип, четинен камалып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков февралда Коопсуздук кеңешинде “коррупцияга каршы күрөшөбүз”- деген чечкиндүү сөзүнөн кийин күч органдары коюлган тапшырмаларды аткарууга шымаланып киришти. Жогорку кызматтарды аркалаган, азыр камакка алынган  мурунку чиновниктер ТЭЦке бөлүнгөн кредитти “туура эмес жумшап, кызматынан  кыянаттык менен пайдаланды” деген шек менен кармалып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугунда маалыматтар жетиштүү, ошон үчүн президентин коррупцияга каршы күрөшүн, чечкиндүү кадамдарын мыйзам чегинде колдоодо.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити