Ушул жылдын 21-май күнү Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ю.М. аттуу жаран кайрылып, 20-май күнү болжол менен саат 21:30 чамасында базарлардын биринен жанына белгисиз эки адам келип, күч колдонуу менен жабырлануучунун “Лексус ЛС-460” үлгүсүндөгү автоунаасына отургузушуп, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирген.

 

Бул тууралуу ИИМдин маалыматында айтылууда. 

 

 

Кармап кеткен адамдар бир нече убакыт жабырлануучуну мыйзамсыз кармап, ур-токмокко алышкан. Андан соң, жабырлануучуну көчөлөрдүн бирине таштап, автоунаасын белгисиз жакка айдап кетишкен. Жабырлануучу денесине алган жаракаттарынын оорлугун текшерүү үчүн соттук-медициналык эспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөн. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин атайын каттоосунда турушкан Кара-Суу районунун 33 жаштагы Р.Н., Ош шаарынын 33 жаштагы А.М. аттуу жашоочулары кармалышкан. Кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 167-беренелери (тоноо) менен кылмыш иштери козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.