Кубанычбек Кулматов кытайлык компаниянын эсебиндеги каражаттардан бир тыйын да албаган. Бул тууралуу ал журналисттерге айтып берди. 

 

"Мени да Сапар Исаковдой кылгылары келип жатышат. Биз Кыргызстан үчүн таза иштеп бердик. Кытайлык компаниянын бир тыйынын да көрбөгөм", - деди ал. 

 

Ошондой эле Кыргызстандан эч кандай кетпей турганын белгиледи: 

 

"Кыргызстандан эч кайда кетпейм. Ушул жакта жашайм", - деди. 

 

Эске салсак, Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, расмий айып тагылган.