Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 26-апрелде видеоселектордук жыйын өткөрүп, Ташкент райондорунун акимдерин сындады.

 

"Ташкентке жаңы башчы дайындалганынан бүтүм чыгаргыла. Татыктуу, жөнөкөй, патриот кишилер көп... Бир эле кепилдик бар – элдин талабын канааттандыруу. Кандай жол менен? Күн сайын жаңы демилге көтөрүп, иликтеп, аракет жасоо зарыл. Отуруп алып, көз боёомочулук менен алектенгендердин кереги жок”, - деди Шавкат Мирзияев.

 

Өзбекстан башчысы эгер Ташкент шаарынын район акимдери 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартпаса, аларды иштен аларын айтты. “Баарын иштен алам. Дагы 6 ай күтөбүз, анан бир гана аким калат жана анын 11 жардамчысы болбойт. Ташбакадай болуп жүрсөк, элдин жашоо деңгээлин көтөрө албайбыз. Андыктан мен бул кадамга барууга аргасызмын”, - деди Мирзияев.

 

26-апрелде Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов иштен алынган. Борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу болуп “Артель инжиниринг” компниясынын директору Жахонгир Артыкходжаев дайындалган.