Түркмөнстанда ун баасынын кымбатташы менен улпакка болгон суроо-талап өстү. Бул видео февралдын ортосунда тартылган, анда Дашөгүз облусунда кебекке кезекке турган кишилердин жоон тобун көрүүгө болот.

Видеодо кишилер жанталаша унааны тегеректеп, каптарын жана чакаларын улпакка толтуруп жатканын көрүүгө болот.

Түркмөнстанда 2017-жылы азык-түлүк баасы, анын ичинде ун кымбаттаган. Таңкыстык жана баалардын өсүшүнө бир нече фактор себеп. Биринчиден, буудай түшүмү бир жарым эсеге аз болду, экинчиден, өлкөдө айыл-чарбанын абалы начар. 2017-жылы майда президент расмий түрдө бул көйгөйдүн бар экенин мойнуна алып, айыл-чарбаны тескеген вице-премьерди иштен алган.

Буга чейин бийлик унду чет өлкөдөн сатып алып, бир нече жыл анын тартыштыгын сездирген эмес. Бирок мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөп, чет өлкөдөн азык-түлүк сатып алуу кыскарган.

Декабрда ундун баасы эки эсеге кымбаттап кеткен. Буга байланыштуу түркмөн бийлиги февралда калкка унду ашкере камдоого тыюу салып, ашыгын конфискациялап аларын эскерткен.

Унга байланыштуу оор абал өзгөчө Дашөгүз облусунда жаралды. Өлкөнүн түндүгүндө бир киши бир жолу 5 килограмм гана ун сатып алса болот.