26-февралда Казакстандын Алматы облусундагы Таргап айылында жол кырсыгы болду. Жабыркагандар Кыргызстандын жарандары болуп чыгышкан.

Бул тууралуу «Замандаш» Ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Тойота Эстима»үлгүсүндөгү автоунаа алты жүргүнчүсү менен Алматыдан Бишкекке карай жолго чыккан. Жол тайгак болгондуктан, айдоочу рулду башкара албай, автобуска урунган. Алган жараатынан Жалал-Абад облусунун 1970-жылы туулган Абдуллатипова Г. жана 1971-жылы туулган Матишова С.аттуу жарандары көз жумушкан. Айдоочу, кыргызстандык жаран, оор акыбалда ооруканага жеткирилген.  Дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Калган жүргүнчүлөр катуу жараат алышпагандыктан, Бишкекке жөнөтүлгөн.