Оштогу өз энесинен таяк жеп каза тапкан 3 жаштагы баланын өлүмүн иликтөөнү Акыйкатчы Кубат Оторбаев көзөмөлүнө алат.   

 

Эске салсак, 3 жаштагы бала өз энесинен таяк жеп, анын кесепетинен комага түшүп, эсине келбеген бойдон каза тапкан. Энеси Авазбек кызы Диана учурда абакта. Ага байланыштуу кылмыш иши бала каза болгондон кийин «киши өлтүрүү» беренесине өзгөртүлгөн.

 

 Акыйкатчылык институтунун кызматкерлери абактагы эне менен жолугушушкан. Анда Авазбек кызы баласына кол көтөрүүсү мындай кайгылуу окуя менен аяктаарын күтпөгөнүн айткан.

 

Кубат Оторбаев бул окуянын келип чыгышына социалдык кызматкерлердин жетиштүү иш аракетинин жоктугуна  байланыштырды.