Бишкек шаарынын мэрии Албек Ибраимов өзүнүн оставкага кетүүсүнө себеп боло турган көрүнүштөр жок экенин белгиледи.
Бүгүн мэр маалымат жыйынын өткөрдү.
Анда жакында аварияга учураган ЖЭБ маселеси да айтылды.
«Менин өз милдеттерим бар. Бишкек ЖЭБи жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсы мэриянын ишмердүүлүгүнө кирбейт. Биздин приоритет – эл. Ошондуктан биз ар кандай кырдаалдарда элге жардам берүү ишин жүргүзөбүз». – деди мэр.