Картинки по запросу городок идеал хаус кыргызстан  

 

Башкы прокуратуранын Сапар Исаковду «актаган» маалыматынан кийин өкмөт макаланы жарыялаган журналисттин кечирим суроосун талап кылууда.

 

Эске салсак, интернетке «Бишкектеги  «Идеал Хаус» VIP-шаарчасын сатуу боюнча чуулгандуу келишимдин артында ким турат? 2-бөлүк» аттуу видео тараган. Анда, Сапар Исаковдун бул сатыкка катыштыгы бар экени айтылган.

 

Мындан улам өкмөт башчы Башкы прокуратурада жогоруда белгиленгендей өтүнүч менен кайрылган.

 

Башкы көзөмөл орган Исаковдун аталган фактыларга катыштыгы жоктугун аныктагандан кийин өкмөт маалыматтарды жарыялаган журналист кечирим сурашы керек деп чечти.

 

«Журналисттик материалдагы маалыматтар чындыкка дал келбегендигинен улам өкмөттүн массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү  «Фергана» басылмасынан, анын кабарчысы Элнура Алкановадан  Сапар Исаковдун жана анын айланасындагы адамдардын аталган келишимге катыштыгы жоктугун билдирген материал жарыялап жана  кечирим суроосун талап кылат» - деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

«Идеал Хаус» ЖЧКсын 142 миллион сомго сатышкан. Сатып алууга арыз «Бизнес Про» жана «ЧыгышТехКомплекс» ЖЧКсынан түшкөн. Баштапкы баа 130 миллион сом болгон. Аны «ЧыгышТехКомплекс» 142 миллион сомго сатып алган.