Саясатта атаандаштык, пикир келишпестик, талашуу жана жарашуу бар. Андан ашып, кыргыз саясатында атаандаштар бири бирине «ат» кое да башташты. Президенттик шайлоонун алдында теледебатта Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановду «Мен саясатка келген кезимде сен балапан болчусуң», - деп балапанга теңеп салды эле. А бүгүн президент Атамбаев элчилерге громата тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, коомдук активист Эдил Байсаловду «бөдөнө» атап жиберди.

 

 

 

 

 

Ошондо, кыргыз саясатындагы эки адамдын каймана аты белгилүү болду, Бабанов – балапан, Байсалов – бөдөнө. Кызык суроо – а Карга ким?

Балапан кооз, сүйгүнчүк, адал канаттуу. Бөдөнө дагы адал, адамзатынын тиричилигине өз салымын кошот. Карга карды, суукту, ызгаар-бороонду чакырып, каркылдайт дешет. Ырайы да суук, капкара…

 

 

 

Кыргыз саясатындагы Карга ким экенин качан аныкталат?