Бүгүн, 7-декабрда КР Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК Төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган спорттук оюн түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештин салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.
Мелдешке КР УКМКнын штаб-квартирасынын, аймактык бөлүмдөрдүн, УКМКнын тогузунчу кызматынын кызматкерлери, ошондой эле «А» атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Эркектер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча күч сынашты:
- мини-футбол;
- стол тенниси;
- ок атуу;
- шахмат.
Аялдар үчүн спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер уюштурулду: жеңил атлетикалык командалык эстафета (1000 м), волейбол, ок атуу, дартс жана 3х3 форматында баскетбол.
КамчыбекТашиев системалуу дене тарбия машыгууларынын маанилүүлүгүн белгиледи:
«Спорттук машыгуулар туруктуулукту, жоопкерчиликти, ишенимди жана ар бир улуттук коопсуздук кызматкери үчүн зарыл болгон сапаттарды калыптандырат. Биз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тутумунда спортту өнүктүрүүнү колдоону улантабыз».
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.