Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Атайын кызмат шаарлардын жана райондук борборлордун мурда мыйзамсыз алынган инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон 0,75 гектар жер тилкеси, убагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн сүт-товар фермасынын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылды.
Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.