"БишкекВторРесурс" россиялык компаниясынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алардын айтымында, Бишкек мэриясы, Октябрь райондук акимиаты жана "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын айрым чиновниктери өз кызыкчылыктары үчүн инвесторлорду сүрүп чыгарууга аракеттенип жатышат. 

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын гаранты катары сизге кайрылып жатам. Мен бул кооз, чын дилимден жакшы көрүп калган өлкөдө төрт жылдан бери иштеп келем. Инвестор катары келип, компания ачып, акча салып, атайын техникаларды сатып алып, тендерлерге катыша баштадык. Октябрь районундагы таштандыларды чыгарууну тендерден 2022-жылдын күз айларында утуп алдык. Бирок иш калыбына түшүп, ырааттуу жолго коюулары менен бизди рыноктон чыгаруу аракеттери башталды. Ага чейин биздин ишибизге эч кандай сын-пикир болгон эмес. Негизи, Октябрь райондук акимиатынын, мэриянын суранычы менен тендерге катышкан болчубуз. Алардын бардык талаптарын аткарып иштеп жатканбыз. Биз аларга келишим түзөөрдө бир жыл ылайыксыз экенин, салган каражатты актоо үчүн жок дегенде үч жыл иштешибиз керектигин айтканбыз. Ошону менен үч жылга келишим түзүлгөн. Келишим сот аркылуу же одоно эреже бузуу катталганда гана бузулушу мүмкүн болчу. Бирок капысынан эле маморгандардын сын-пикирлери пайда болду. Күн сайын акыбал кар күрткүсүндөй болуп оордой берди. Алар бизди рыноктон кетиргилери келишти, өз каалообуз менен кетип, ордубузду башка бирөөгө бошотуп берүүгө жеткиргилери келишти", - деген "БишкекВторРесурс". 

Ошону менен катар инвесторлор президентке кайрылышып, анын инвестициялык климатты оңдоо үчүн жасап жаткан жакшы иштерин өз кызыкчылыгын гана ойлогон чиновниктер жокко чыгарып жатканын белгилеген. 

"Мен сизге акыйкаттуулук издеп кайрылып жатам. Сиз гана биздин ишти көзөмөлгө алуу менен акыйкаттуулук орното аласыз", - дешкен.