Россиялык адистер офисте иштеген адамдардагы стресстин деңгээлин туруктуу тамактануу азайтаарын айтып чыгышты. Ага ылайык, кызматкерлер рационуна жеңил, бирок кислоталарга, С, Д жана В тобундагы витаминдерге, ошондой эле магнийге бай азыктарды киргизүүсү керек. Булар – тынчсызданууга каршы күрөшүүдөгү ишенимдүү жардамчылар. Бул витаминдер нерв системасына оң таасирин берет, кортизол стресс гормонунун азайышын шарттайт, мээ ишмердүүлүгүн тынчтандырат жана жакшыртат.
Организм жаратылыштын тынчтандыруучу заттарын керектүү өлчөмдө алуусу үчүн рационго көңүл буруу керек. Сөзсүз түрдө анда жаңгактар, банан, тоок эти, төө буурчак, сыр, гречка, сабиз, брокколи жана өтө көп көк чөптөр болушу шарт.
Көптөгөн адамдарда стресстин айынан тамак-аш сиңирүү органдарында көйгөй пайда болот. Организмди тыңшай билүү керек, эгер табит жок болсо, анда көп жегенге аракеттенүүнү зарыл эмес. Бирок регулярдуу тамактануу психика үчүн абдан маанилүү.
Эртең мененки тамак, түшкү тамак жана кечки тамак – бул өзгөргүс адат. Алар мээ үчүн комфорт зонасын түзүп беришет. Регулярдуу тамактануу менен, бул эгерде күн сайын бир убакта болсо абдан идеалдуу – сиз мээнин эс алышына, туруктуулукту сезишине шарт түзөсүз.
Психика туруктуу болушу үчүн суу ичүү керек. Бир күндүк суу нормасына 500 миллилитр эле жетпей калса дагы, организм канга кортизол бөлүп чыгара баштайт. Стресстик кырдаалда бир стакан суу дагы адамды тынчтандырат, ал организмге киргенде стресс гормондорун бөлүп чыгуусун басаңдатат.