"Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз", - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги чек ара жаңжалынан курман болгондорду эскерүү иш чарасында. 

Эске салсак, былтыр, 2022-жылы 15-16-сентябрда Тажикстандын кол салуусу орун алып, ал бир нече кыргызстандыктардын өмүрүн алган. Бүгүн каргалашуу окуя эскерилип, курман болгондорго эстелик орнотулду. 

"Каргалашуу окуядан бери бир жыл өттү. Бир нече ондогон аскерлерибиз, жай тургундар каза табышкан. Ал чечилбей келе жаткан чек аранын кесепетинен болду. Коңшу мамлекет бизге кол салган. Мамлекетибиздеги мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиянын төрагасы боломун. Биз чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечели деп аракеттенип келгенбиз. Мындан ары дагы аракет кылабыз. Президентибиз Садыр Жапаров чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө багыттап отурат, биз дагы ага ылайык ищ жүргүзөбүз.

Бир нерсени айтып коеюн, Тажикстандан агрессия болгону чын жана мындан ары андайга жол бербейбиз! Алар бизге территориялык доомат коюп келишкен. Биз аларга жооп берип келатабыз. Жакынкы күндөрү жаңы документ таптык, аны карап, изилдеп көргөндөн кийин Кыргызстандын көп жери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз жана аны тактап бере алабыз. Эгерде Тажикстан Кыргызстанга койгон дооматтарынан баш тартпаса, анда ошол документтердин негизинде юридикалык дооматтарды биз коебуз. Ага күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Тарыхый, канча деген жылдар мурда коңшу өлкөгө өтүп кеткен жерлерибизди кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Камчыбек Ташиев.