Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору) У.Н. жана КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. кармалышты. Алар Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны кызматынан мыйзамсыз алуу демилгесин көтөртүү үчүн 1500 доллар пара беришкен.
Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору У.Н. КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. аркылуу КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Т.ны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган.
2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында У.Н. жана К.Б. КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.