- Токтайым эже, матчество маселеси көтөрүлгөндө коомдо ача пикирлер көбөйдү. Элди эки жаат кылган мыйзам боюнча кандай пикирдесиз?
- Ал мыйзамсыз деле жалгыз бой жарандардын балдары атасын же энесин көрсөтө алат. Же макулдашып жакындарына жаздырат. Буга эч кандай деле тыюу жок болчу. Болгон нерсени эмнегедир өзүнчө мыйзам менен бекитишти. Бирок эл экиге бөлүнүп энелерге жазыла баштайт деген коркунуч деле жок. Илгертен эле атанын атын көтөрүшөт. Же атасыз өскөндөр тайларына же энесинин фамилиясына жазылышат. Азыр эле Айнурович же Гүлназович болуп эч ким деле жазылбайт. Тема таба албаган блогерлерге эле керектүү окуя болду. Бул нерсе өзгөчө бир адамдын тагдырын чече турган деле маселе эмес. Муну "Капалова толуп турган жараны жарды" дебей деле койсо болчудай.
- Анткениңиз менен бул баласын таштап, карабай кеткен эркектердин намысын ойготчу иш деп жатышат го, айрымдар?
- Бала апасынын же таятасынын атына жазылса эле атасы арданып кетип, жардам берип жиберген жери жок да. Ошон үчүн аталык жоопкерчиликтен качкандардын жазасын оорлотуп, айып пулду көбөйтүп, таптакыр каралашпаса, камакка да ала турган кылыш керек. Андай катаал чара колдонбосо, бул маселе чечилбейт.
Негизи арзыбаган темага убакыт короткондон көрө Куранды өрттөп жаткан маселеге көңүл бурсак жакшы болмок. Ошондой эле Курандын өрттөлүшүнө бийлик өкүлдөрү, муфтият, эл маани берсе жакшы болмок. Бул көз жаздымда калтыра турган иш эмес. Мен матчествону сындап же колдогончо куранды өрттөөгө реакция кылууга чакырат элем.