14-июнда Бишкек шаардык соту абактагы оппозиционер Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-майда Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алган.

Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.