Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 19-майда УКМК тарабынан УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүздү.
Жыйынтыгында "Ак-Жол-Автодорожный" өткөрүү пунктунда Казакстан Республикасынын Б.А.М аттуу жараны кармалган. Ал жалпы салмагы 25 кг 925 болгон, күмүштөн жасалган зер буюмдарын Казакстанга эч кандай уруксат кагазы жок мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо, ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.