Кыргыстанда дарыканалардан баңгизатка көз карандуулукту пайда кылчу дары-дармектерди кенен сатып алууга болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Алиев билдирди. 

Ал Министрлер Кабинетине дарыкана аркылуу пайда болгон наркомания менен күрөшүүнү активдештирүүнү сунуштады. 

"Эрезеге жете элек балдарга дары-дармек сатуу боюнча эч кандай көзөмөл жок. Окуучулар үчүн мындай дарыларга болгон бааны кечке жуук кымбаттатып коюшат. Андан тышкары 21-кылымда Телеграм-каналы аркылуу окуучуларга баңгизаттарын сатышат. Дилерлерди табуу абдан оңой. Менде мындай каналдардын тизмеси бар. Бул боюнча укук коргоо органдары иштеши керек", - деди Алиев.