Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары “Капиталды легализациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулашууда. Ага ылайык, 100 млн. сомдон ашык байлыктар (акча каражаттары, активдер, мүлктөр ж.б.) легализацияланып, кандайдыр кылмыш жоопкерчиликтерине тартуудан бошотулат.

ЖК депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору аркылуу уурулар менен коррупционерлердин жашоолору жеңилдегени жатканын айтып чыкты. Ушул кезге чейин уурдагандар бул  мыйзамдын негизинде бай болуп калышарын белгиледи.

Эл өкүлүнүн айтканына кошулбай коюуга болбойт. Ошондо кандай болуп калат? Мамлекетти талап-тоногоого катышкандар, элдин ырыскысына кол салгандар, мамбюджеттин акчасын кемиргендер, алдамчылык, шектүү, мыйзамсыз жолдор менен байыгандар, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, темир тор артында олтурчу адамдардын байлык, акча, мүлктөрү мыйзамдаштырылып, “баштарынан бир тал чачтары түшпөй” жоопкерчиликтен кутулуп кетишеби? Түшүнгөн адамга аталган мыйзам долбоору элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, саналуу адамдар үчүн эле жазылган окшобойбу.

Бул мыйзам долбоору ишке ашып, депутаттар колдоого алса, кыргыз эли ондогон, жүздөгөн коррупционерлерди, мыйзамсыз байыгандарды, шектүү иштерди кылгандарды билбей калат, мамлекет аларды калкалап калат дегенди билдирет. Бир жагынан коррупция менен күрөш жүргүзүп, бирок экинчи жагынан минтип аларды жаап-жашыруу аракетине кандай баа берүүгө  болот?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити