КР УКМК макулдашууга карабай тажик аскерлерлери чек ара заставаларына чабуул жасап, заставалардын инфраструктураларын гана талкалабастан, социалдык багыттагы: бала бакча, мектеп, соода түйүндөрү, менпункт, үйлөр ж.б. объектерге да кол салышканын билдирет.
Алар улутчулдук ураандарды кыйкырып, акарат келтирип, постто каза болгон Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап, мындан ары пропагандалык максатта пайдалануу үчүн керектүү ракурста фото жана видеого тартып жатышат.
Өздөрүнүн Кыргызстанга каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылып, бул фото жана видео жазууларды өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал. Болгондо да акыркы 2-3 жылда өздөштүргөн аймактык жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде.
Мындан улам КР УКМК чек аранын эки тарабындагы коомчулукту кырдаалга кылдаттык менен баа берип, объективдүү болууга чакырып, эки боордош жана кошуна элдин ортосуна араздашууну, башаламандыкты жараткандарды айыптайт. Бизге стабилдүүлүк, тынчтык жана бейпилдик керек.