16-июнда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки иш боюнча актады.

Аталган соттун маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаев Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптоолор боюнча кылмыштын курамы жок деп акталды.

Сот отурумуна судья Марат Термечиков төрагалык кылды.