Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалды. Бул тууралуу  Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги жана КР өкмөтүнүн кызмат адамдары COVID-19 илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин алкагында саламаттык сактоо министринин орун басары У.Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы С.Сатарбековдор кармалышты.

Учурда кылмышка өкмөт мүчүлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешелүүлүгү иликтенип жатат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга шектелип кармалган.