26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Транспорт министри жана коммуникация министри Эркинбек Осоевди сагынганын айткан.

"Транспорт министрин такыр көрө элекпиз, Чоң-Кеминдеги жолду карасын. Ал жер туристтик жер, туристтерди алып баргандан уяласың. Ал жерге бомба ташталгандай", - деп Түлөбаев айткан болчу.

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча депутатка жооп берди.

Кемин районунда 2022-жылга карата титулдук баракка (планга) ылайык Кемин - Шабдан-Көк-Ойрок автожолунун 23,5-24,5 км жана Кемин-Илич-Ак-Түз 31-32 км аралыктарына асфальтбетон төшөө жана Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда 126 км оңдоп калыбына келтирүү иштери пландаштырылган.

Андан тышкары 2022-жылга карата "Капиталдык салымдар беренесинин" эсебинен Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда 139 км аралыкта тирөөч дубал куруу пландаштырылган.

Кемин районунда эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги 2,3,4 жана 5-категориядагы автожолдор бар, жалпысынан 377,0 км автожол жайгашкан, алардын ичинен 25 км 2 категория, 46 км 3 категория, 239,5 км 4 категория, 66,5 км 5 категория. Алардын ичинен эл аралык маанидеги 65 км, мамлекеттик маанидеги 152 жана жергиликтүү маанидеги 160 км, асфальтбетон жолдору 123,7 км, Кара-шагыл каптоо 73,9 км, шагыл катмары 117 км, топурак тектүүсү 57 км. Мындан тышкары,учурдагы бюджеттин эсебинен чуңкурларды оңдоо, жол жээктерин пландаштыруу жана жолдорду оңдоо каралган.

Кемин-Шабдан-Кокойрок автожолунун узундугу 102 км, анын ичинен 24,4 км асфальт бетон, 13,1 км Кара-шагыл, 60 км –шагыл катмарлуу, 4,5 км-топурак тектүү.

Тарсуу-Тегирменти автожолунун узундугу 15 км түзөт, анын ичинен 3,3 км асфальт –бетон катмарлуу, 9,4 км кара-шагыл катмарлуу, 2,3 км-шагыл катмарлуу", - деп КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Булак: kaktus.media