- Венера эже, кечээ жакында эле айылдагы карапайым мугалим жасалма диплом алганы үчүн өз каалоосу менен иштен кетип, ал турсун өз жанын кыйды. Чоң кызматтагылар жасалма диплому бар экени айтылып жатса да неге  кызматтан кеткенге эрктери жетпейт?

- Диплому жасалма экендиги билинип калган карапайым мугалимдин өз жанын кыюусу жан кейитерлик окуя болду. Ошол эле учурда диплому жасалма экени массалык-маалымат каражаттарына кайра-кайра жазылып, ачык айтылып атканына карабастан бир кызматтык орундан, экинчисине секирип аткандарды коом көрүп турат. Ушу кезге чейин бир да жогорку кызматта иштеген адамдын өз каалоосу менен иштен кеткенин көргөн жокпуз, демек акыл тегеретип, мээсин эзип, убакыт кетирип эмгек кылбастан жасалма диплом алган адамдын абийиринде мандем бар. Мындай адамдар ар-намыс, уят-сыйыт дегенден алыс кир иштерге өмүр бою аралаша бере турганын көрүп жүрөбүз. Мындайлар жасалма диплом менен эле чектелбестен мамлекеттик сыйлыктарды, кызматтарды, жеӊилдиктерди да жасалма жолдор менен алып, улам-улам күчөп, уланта берет, анткени жеӊил жолдун ыгына кирип, көнүп калат. Коомдогу имморализмдин, адепсиздик, маданиятсыздыктын жайылышына да ушундай жасалма жол менен жашаган адамдар күнөөлүү! Жеӊил жашоонун ыгына кирип, дипломду, кызматты, сый-ургаалды, наамдарды сатып алган шылуундар ак эмгеги менен таза жашаган адамдардын өмүрүн кор кылышты. Кыргыз коомдундагы оош-кыйыш көйгөйлөрдүн,  адеп-ахлактык, руханий кризистин, өнүгүп-өсүп кете албай зоругуп турганыбыздын эӊ башкы айыпкерлери ушулар. Мамлекеттик жогорку кызмат инстанцияларында иштеген кызматкерлердин дипломунун жасалма экендиги чынында  өтө уят, кылмыштуу окуя! Бул  биздин коом үчүн чоӊ коӊгуроо болушу керек! Дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет: жасалма диплом алган да, берген тарап да жазаланышы керек! Башкаларга сабак боло тургандай алардын аттары коомго ачык айтылышы зарыл.