Электр жарыгын керектөө өскөндүктөн, энергетика тармагындагы техникалардын эскилиги жеткендиктен улам өлкөбүздүн энергетика системасы оор абалга кептелгени жашыруун эмес. Айтылып, жазылып келүүдө. Быйылкы кыштын жеңил болуусу элибизди жарыксыз калтырбады. Бирок мындай жеңил кыш жылда эле боло бербейт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон иш сапарынын учурунда “Камбарата-1” ГЭСин ушул жылы куруп бүткөрүү зарылдыгын баса белгилеп, “Камбар-ата-2” ГЭСинин экинчи агрегатынын курулушу 2022-жылы Евразия өнүктүрүү банкынын каражатына башталарын билдирди. Учурда “Камбарата-1” ГЭСинин биринчи фазасынын курулушу үчүн өкмөт 18,8 млн. доллар тапкан. Биринчи фазасынын курулушуна 458 млн. доллар керектелет. Акылбек Жапаровдун айтымында, аталган ГЭСтин курулушуна эл аралык өнөктөш донорлордон 500 млн. доллар карыз алуу каралууда. Өкмөттүн минтип энергетика таңсыктыгын чечүү үчүн ГЭСтерди куруп бүткөрүүнү колго алганы, ага аракеттерди көрүп жатканы жакшы. Бирок курулушка керектүү каражат убагында табылабы, долбоорду аягына чыгаруу созулуп кетпейби, айтыш кыйын.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү электр энергиянын жетишсиздиги 6 млрд. кв-саатты түзсө, анын 3 млрд. киловаты импорттун эсебинен жабылып жаткан дефицит болуп эсептелет. Жаңы ишканаларды ишке киргизүү үчүн дагы 3 млрд. кв-саат электр энергиясы зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити