УКМКнын төрагасы К.Ташиев коррупция менен күрөштө эрктүүлүгүн көргөзүп, 30 жылдан бери Кыргызстандын, кыргыз элинин кен байлыктарын, жер байлыктарын, келген насыяларды келемиштей кемирип жеген коррупционерлерди чекесинен камап баштады. Куйругунда калбыры барлар жөн жатмак беле? Ар кандай блогер болумуштар менен фейк фабрикасы барларды колго алып, Камчыбек Ташиевге кара пиар уюштуруп башташты. Алсак, Пирматовдон 5 млн. доллар сураган, контрабанданы монополияга айландырды деген жөө жомокторду токуп жатышат. Мындай жомокторуңарга өзүңөр эле ишенбесеңер, Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүн колдоп жаткан карапайым эл ишенбейт!