Муну албетте, убакыт кѳрсѳтѳт. Бирок КРнын Малайзиядагы элчиси, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров аталган үчилтиктин ѳлкѳнү ѳнүктүрүү, демократиялык принциптерди сактоо, коррупцияны оозуктоо багытында туура жолдо баратканын билдирип, ѳзүнүн мактоо сѳздѳрүн айтты. Белгилүү революционердин айтымында, Садыр Жапаров үчүн тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдалануу чечими оңойго турган жок. Аны жолдон адаштырып, буга чейинкилердин алган багытына түшүрүүгѳ кѳп аракеттер кѳрүлдү. Бирок Кудай аны туура жолдон адаштырбады. Чыныгы демократ экенин кѳрсѳттү. «Кандай бийлик керектигин эл ѳзү чечсин» деди. «Ушул үчүн эле С. Жапаров президент болууга татыктуу», - деди А. Бекназаров.
Булак: “Майдан. kg” гезити