Өзбекстан менен болгон чек ара көйгөйүн чечүү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөлгөн. Ары жоопкерчиликтүу, ары оор бул ишке 30 жылдан бери кыргыздын бир дагы жигити тиш сала албай келгени маалым. Жоопкерчиликти моюнуна алгандан бери Камчыбек Кыдыршаевичте тыным жок. Буга чейин комиссия түзүп, Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы такталбаган аймактар боюнча маселе жакында чечиле турганын убадалашкан болчу. Анын мындай чечими коомчулукта колдоо таап, элде, өзгөчө чек арага жакын жашаган карапайым калкта үмүт пайда болгон. Алар өзгөчө Камчыбек Ташиевдин иштеп кете алаарына, канчадан бери чечилбей келген чек ара көйгөйүн чечээрине ишенишкен. Себеби, Камчыбек мырза буга чейин деле чек ара көйгөйүнө кайдыгер карабай, ар дайым жеринен таанышып, жергиликтүу эл менен бирге болуп келген. Эми минтип көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгү берилгенден бери ишти аягына чыгараарына ого бетер ишеним артып турушат. Кечээ ал коңшу тарап менен сүйлөшүүлөргө барды. Бул анын алгачкы кадамы. Кандай болгон күндө да чек ара маселесин биринчи орунга койгон К.Ташиев чечкиндүү иштерге барат деп турабыз. Анткени, анда билим да, дух да бар. Кыскасы иштей турган жигит. Кудайым өзү жар болуп, ден соолук берсин!