Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, юридика илимдеринин доктору, республикабыздын эмгек сиңирген юристи, учурдагы Конституциялык кеңешменин мүчөсү Автандил Арабаев менен маек.

-Автандил Анисович, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлушу менен “азыркы бийлик парламенттик системадан президенттик, болгондо да авторитардык, суперпрезиденттик башкарууга өткөнү калды”;“бул бийликти узурпациялоого барабар”; “мындай Конституцияны кабыл алдырбайбыз” деген аракеттер күндөн күнгө күчөгөндөй. Сиз бир жагынан конституция боюнча окумуштуу адис катары, экинчи жагынан Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары ушундай сын-пикирлерге кандай жооп берээр элеңиз?

-Албетте, мындай реакцияны туура түшүнүү керек. Маселе өлкөбүздүн келечеги, бийлик кандай тартипте түзүлүп, кандайча иш алып барат, ким эмнеге жооп берет, өнүгүүнүн кайсы жолуна түшөбүз ж.б.у.с. суроолорду жараткан көйгөйлөрдөн улам чыгып жатпайбы? Учурда жаңы Конституциянын демилгечилери менен жактоочулары мамлекетти кризиске кептеген октябрдагы парламенттик шайлоодогу бийликтин жана бийликчил партиялардын жоопкерсиздигин негизги себеп катары айтып жатышат.

Бирок, менимче, “иттин өлүгү” башка жерде жатат. Айтайын дегеним, азыркы саясий жана укуктук кризис алда канча эрте башталган жана анын объективдүү факторлору жана тенденциялары буга күбө.

-Кандай объективдүү негиздер тууралуу кеп болуп жатат, ошону тактап кетесизби?

-Биринчиден, биз 2010-жылы парламенттик демократияга эрте өтүп алганбыз. Социалдык-саясий фундаменти жок жерге эле “заманбап” деп, “көзгө жылуу көрүнгөн” батыштык парламенттик демократиянын дубалын “курап” койгонбуз. Ошондуктан биринчи эле чоң сыноодо куралган дубал кулаганы калды. Элдин да ишеничи кайтты.

Экинчиден,парламентаризм теориясы менен дүйнөлүк коомдук прогресстин практикасы далилдеп чыккан, парламенттик башкаруунун өздүк шарттары бар. Бул тууралуу ата мекендик парламентаризм боюнча окумуштуу адис аксакалыбыз Медеткан Шеримкуловичтен сурасаңар да тастыктап берет. Парламенттик демократия “чала жан” болбой, иштеп кетүүсү үчүн анын базалык фундаменти катары саясий жактан өнүккөн партиялык система болушу керек.Бизде 226 партия расмий катталганы менен, классикалык маңыздагы жана мазмундагы бирин-экин гана партия бар. Калгандары кызыкчылыктар клубун эле түзөт. Партиялык системабыздын өзүсистема катары калыптана элек. Идеологиялык жактан да парламенттик демократияны таанып-билүү менен калыптанган коомдук аң-сезим болуусу шарт. Социалдык жактан анын коомдук жана мамлекеттик маанисин элибиз, шайлоочуларыбызтуура түшүнүп, колдоосу абзел. Анткени, эл деген мамлекеттин социалдык базасы. Ал эми экономикалык жактан алсак, “курсагы ток” жана ошондуктан мамлекеттин колдоосунан көз карандысыз болгон жарандардан турган ортоңку (средний) класс калыптанышы керек. Бул класс саясий “надстройка” канчалык чайпалса да мамлекетти туруктуу кармап тура турган экономикалык фундаменттин ролун ойнойт. Мындай факторлор жок болгон мезгилде парламенттик демократия иштебейт. Ал жөн гана саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин корпоративдик кызыкчылыктарын ишке ашыруунун “көркөм түстүү көшөгөсү” бойдон кала берет. Өлкөбүздөгү азыркы абал да мунун баарын тастыктап турат.

Үчүнчүдөн, парламенттик практиканын өзү элдин кызыкчылыгы менен кайчылаш келип калды. Карасаңыз, биз мамлекеттик бийликтин булагы эл дейбиз. Андай болгон соң, бийлик эл алдында жоопкерчилик тартып, элдин кызыкчылында иштеши керек да. Бирок, учурда бийлик элдин эмес эле, саясий партиялардын колуна өтүп кетпедиби. Мамлекет органдарын, айрыкча өкмөттүн түзүмүн аныктоо, кызмат орундарына дайындоо, жада калса ким депутат болот, ким болбойт – мунун баарын парламенттеги партиялар чечип жатпайбы.

-Сөзүңүз оозуңузда. Бирок ушул жерде бир маселе жаралат да. Азыркы учурда иштеп жаткан Конституциябыздын тиешелүү жерлерин эле оңдоп-түзөгөнгө болбойбу? Дегеле 2010-жылкы Конституциябыздын өзүндө көйгөйлөр дейбизби, кемчилдиктер дейбизби, чечилбеген маселелер барбы? Аны жаңылаштын эмне зарылчылыгы бар эле?

-Аракеттеги Конституциябызда кемчилдиктер, карама-кашылыктар, сөзсүз түрдө карап чыгууну талап кылган жоболор, беренелер бар. Бирок, мен азыркы темабызга байланыштуу негизги бир-эки гана маселеге токтолоюн. Конституцияда бекитилген парламенттик башкаруунун принциптери боюнча адамдын айрым укуктары чектелип калды. Биздин жараныбыз Жогорку Кеңешке же жергиликтүү кеңешке депутат болуп түздөн-түз шайлана албайт. Ал сөзсүз тигил же бул партиянын тизмеси менен гана шайлануу укугуна ээ. Ошол эле учурда, бул өкүлчүлүк органдарына каалаган адамын шайлай да албайт. Ал жаран үчүн тигил же бул кеңешке кимди депутат кылып шайлоо укугун саясий партия гана чечет. Мындан сырткары, Конституцияда жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барганда бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ деп жазылган. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Кызматка парламенттик партияга тиешеси бар гана адамдар коюлат. Андан калса, мындай партиялар кызматка коюп жаткан адамдардын билими, тажрыйбасы барбы деген маселе да, орусча айтканда, “десятый вопрос” болуп калбадыбы. Бул маселелер Конституциянын Преамбуласынан баштап, 1, 2, 3, 4, 5, 6, 16, 20, 52, 70- беренелеринин жоболоруна тиешелүү. Демек, тиешелүү конституциялык жоболорду кайра карап чыгуу керек. Бул, биринчиден.

Экинчиден, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын тиешелүү түзүмдөрүн жана курамдарын аныктап, шайлап, дайындоо маселелеринде да парламенттик партиялар чечүүчү субъект болуп калды. Айрыкча, аткаруу бийлигиндеги кызматтарды баштан аяк, устукан бөлүштүргөндөй эле, бөлүп алып жатканы ачык эле көрүнүп турбайбы.

Мындай башкаруу системасы эмнеге алып келди? Биринчиден, саясий туруксуздукка алып келди. Акыркы 10 жылдын ичинде 10 жолу Өкмөт алмашты. Өкмөт алмашкан сайын, мамлекет канча зыян тартып жатты. Ушул жакшыбы? Экинчиден, бийликте жоопкерчилик таптакыр жок болду. Парламенттик башкарууга таянып алып, саясий партиялар мамлекеттик да, коомдук да турмушта чечүүчү орунга ээ болуп алды. Бирок, жоопкерчиликти алышкан жок.

Көрдүңүзбү, парламенттик демократия деп отуруп, биз мамлекетибизди жарга такап алдык. Бийлик системасы саясий партиялардын барымтасында калды. Эң негизгиси эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Мындай парламенттик демократиянын кимге кереги бар? Албетте, элибиз буга каршы чыгып жатат.

-Демек, ушундай себептерден улам, конституциялык реформа керек дегиңиз бар го?

-Туура айтасыз. Парламенттик демократияга негизделген саясий системабызды терең талдап туруп, ачык-айкын, түшүнүктүү жана жоопкерчиликтүү башкарууга өтүүнү мен объективдүү жана мыйзам ченемдүү мамлекеттик кадам деп баалайт элем. Бул максатта сөзсүз түрдө конституциялык реформага барышыбыз керек. Президенттин макамы кандай болот, ал эмнеге жооп берет? Жогорку Кеңеш кандай өзгөрүүгө барышы керек? Өкмөттү ким түзөт, ал кимдин алдында кандайча жооп берет? Мамлекеттеги абалга жоопкерчиликти ким алат? Мындай маселелерди чечүүнүн өзү саясий системаны өзгөртүүгө алып келет. Ошондуктан, каалайбызбы же каалабайбызбы, Конституцияны кайра карап чыгууга мажбур болобуз.

-Конституциянын долбоорундагы негизги маселе катары президенттик башкарууга өтүү каралып жатыптыр. Биз президенттик республикага өтсөк эле жогоруда аталган көйгөйлөр чечилип калабы?

-Албетте, башкаруу формасын өзгөртө койсок эле, көйгөйлөрдүн баары чечилип кетпейт. Бирок, парламенттик демократияны элдин пайдасына иштете албай койдук да. Саясий системабыз да, партияларыбыз да, элибиз да парламенттик системада жашаганга даяр эмес экен. Анын базасы да даяр эместигин көрдүк. Ошондуктан президенттик башкарууга өтүүнү учурдун талабы десек болот. Ушул өңүттөн алганда, Конституциянын долбоорундагы негизги маселе болуп, менимче, жоопкерчиликтүү башкаруу системасын түзүү эсептелет. Керек болсо, президентке аткаруу бийлигин дайындап, жетектеп, иштеткенге шарт түзүп берели. Анан жыйынтыктарын президенттин өзүнөн сурайлы. Мамлекеттин башында бирөө туруп, өлкөдөгү акыбалга бирөө жооп бериш керек.

-Бирок айрым саясатчылар президенттик башкарууга өтсөк, анда кайрадан “авторитардык”, “суперпрезиденттик” өлкөгө айланабыз деп жатышпайбы? Мындай кооптонуу жокпу сизде?

-Чын-чынына келгенде, азыркы иштеп жаткан Конституция жана мыйзамдар боюнча президент бардык маселелерге, ички жана тышкы саясатка, кадрдык дайындоолорго түздөн-түз аралашып, чечим кабыл алып, мыйзам чыгаруу болобу, аткаруу болобу же сот бийлиги болобу баарына түздөн-түз жетекчилик кылбаса да, көрсөтмө берип келбедиби? Ошол эле учурда эч нерсеге жооп берген жок. Формалдуу юридикалык жактан Конституциябыз парламенттик системаны бекиткени менен, иш жүзүндө президент баарын башкарып калды го.

Менин терең ишенимимде, биз элдин да, өзүбүздүн да башыбызды айландырбай эле, ачык айтып, президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Бирок, мен дагы авторитардык режимди каалабайм. Ошондуктан учурдагы конституциялык талкуудан пайдаланып, ар бирибиз президенттин ыйгарым укуктарынын чектерин аныктоого жана бул максатта натыйжалуу укуктук механизмдерди түзүүгө салым кошуубуз абзел.

Мамлекеттик бийлик системасын «күчтүү президент», «күчтүү парламент» жана «көз карандысыз сот» түзүшү керек. Бул максатта жогорку бийлик органдарын тең салмакта кармап тура турган системаны жакшылап карап чыгуу да шарт.

-Ошол Конституциянын жаңы долбоорунда тең салмактуулук принциби каралганбы?

-Албетте каралган. Мисалы,63-беренеде Жогорку Кеңештин президентти кызматтан четтетүү укугу бекитилген. Ошол эле учурда, Президент Жогорку Кеңешти тарката албайт. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү гана таркатышы мүмкүн. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш 70-берене боюнча Өкмөт башчысынын отчетун алат. Тең салмактуулук принциби Өкмөт, Жогорку сот, Конституциялык сот, Башкы прокурор сыяктуу жетекчилерди дайындоодо жана аларды кызматтан алууда да сакталган.

-Бирок сиз “күчтүү президент” жана “күчтүү парламент” болушу керек дебедиңизби?

-Күчтүү президент эмнеге керек? Биринчиден, президент мамлекет башчысы катары мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктаганга, аткаруу бийлигине түздөн-түз таасир эткенге толук укуктуу болуп, Коопсуздук Кеңешин жана Куралдуу Күчтөрдү башкаруусу керек. Ушундай макамда президент мамлекетте тартип орнотууга, стабилдүүлүктү камсыз кылганга, социалдык, экономикалык жана башка чарбалык маселелерди ыкчам чечкенге мүмкүнчүлүгү болот. Экинчиден, Конституциянын долбоорунда президент мамлекет башчысы болуу менен бирге, аткаруу бийлигине жетекчилик кылуу макамы сунушталып жатат. Демек, президент мамлекет башчысы катары эле эмес, Өкмөттүн жана жалпы эле аткаруу бийлигинин ишмердиги үчүн да жоопкерчилик тартат. Ошентип, президенттин жоопкерчилиги да күчөтүлүп жатат.

Күчтүү парламент Жогорку Кеңештин Өкмөттүн курамын түзгөндө, анын отчетун алганда, сот бийлигинин жогорку органдарын башкы прокурор, улуттук банк, эсеп палатасы жана башка борбордук органдарды шайлоо, дайындоо жана кызматтан алуу, президентке импичмент жарыялоо, аны кызматтан четтетүү маселелеринде чечүүчү роль ойногонунан келип чыгат. Андан калса, депутаттык корпустун курамдык сапатын жакшыртуу демилгелери да көтөрүлүп жатат. Бир мандаттуу округдардан күчтүү депутаттар келет деген чоң ишенич бар.

-Сиздин оюңузча, көз карандысыз сотко кантип жетишсек болот?

-Бул өтө татаал маселе. Өзүңөр билесиңер, канча жылдан бери соттук реформа жүрүп келе жатат, бирок соттордун көз карандысыздыгына жетише албай жатабыз. Менимче, бул маселеде кардиналдуу чечимге барышыбыз керек го. Соттук өз алдынча башкарууну өркүндөтсөк жакшы болмок. Конституциялык мыйзамдар боюнча Судьялардын курултайы, Судьялар кеңеши, Судьялар чогулушу деген соттук өз алдынча башкаруу органдары бар. Сот бийлигин ошол органдар өздөрү чечпесе, баары бир көз каранды боло берет экен. Жогорку сот менен Конституциялык сотту шайлоого Президент менен Жогорку Кеңеш катышсын, ал эми жергиликтүү соттордун судьяларын Судьялар кеңеши дайындасын. Судьялар кеңешинин чечимдерин кийин Судьялардын курултайы бекитип койсо эмнеге болбосун. Ушундай кылган учурда гана соттор бийликтин башка органдарынан, чиновниктерден көз карандысыз болушат. Ал эми судьялардын жоопкерчилигин соттордун өз алдынча башкаруу органдары чечмек. Негизги акцентти биз Судьяларды тандоо кеңешинин курамына жана алардын жоопкерчилигине жасап, ошолордун ишин тыкыр көзөмөлгө алсак болот. Ошону менен бирге, Судьялар кеңешинин жоопкерчилигин да күчөтүү керек болот.

-Конституциянын долбоорунда талаш-тартыш жараткан маселелердинбири “элдик курултай” экен. Ага конституциялык макам берилип жатыптыр. Сиздин оюңузча, бул орган канчалык керек жана ага кандай миссия жүктөлүп жатат?

-Биринчиден, элдик курултай Конституцияга биринчи жолу киргизилип жаткан жок. Аны мамлекеттик жана коомдук маанилүү маселелерди талкуулай турган орган катары 2010-жылдагы Конституция бекиткен. 52-беренени карап көрсөңөр болот. Ошол эле жерде жарандардын элдик курултай өткөрүү укугу, курултайдын чечиминин макамы аныкталган. Башкача айтканда, элдик курултайдын конституциялык макамы буга чейин эле аныкталган.

Экинчиден, азыркы долбоордогу маселе, менин түшүнүгүмдө, курултай институтун элдик көзөмөл институту менен айкалыштырууда жатат. Эгерде «курултайчылар» менен демилгечилер ушундай максатты карманышса, анда алардын аракеттерин мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот. Себеби иштеп жаткан Конституциябыз боюнча мамлекетте элдик бийлик үстөмдүк кылат. Анын үстөмдүгүн бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен Президент камсыздайт. Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдар эл алдында жоопкерчилик тартып, өз ишмердигин ачык-айкын жүргүзүүгө милдеттүү. Мунун баары 3-беренеде так бекитилген. Демек, бул конституциялык принциптерге ылайык, Президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана башка жетекчилер элдик курултайда өз ишмердиги боюнча бир жылда бир жолу отчет берип турушу мыйзамдуу эле маселе. Мындай жоболор мамлекеттин жетекчилеринин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүүнүн коомдук механизмин түзүп калат. Ошону менен бирге, долбоордогу талаш-тартыш жараткан макамдык сунуштарды терең талдап, менимче, курултайдын коомдук мүнөзүнө, өз алдынча башкаруучулук табиятына, мамлекеттик бийлик органдары менен катышына жана ошого жараша анын чечимдеринин укуктук макамына өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек.

-Ушул жерден тактап кетесизби? Конкреттүү түрдө долбоордогу кайсы жоболор талаш-тартыш жаратып жатышат?

-7-берененин 1-бөлүгүндө“элдик курултай бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координацимялоочу жогорку органы болуп эсептелет” деп жазылып турат. Ушул жери кайчы пикирлерди жаратып жатат. Себеби, бул жобого ылайык, элдик курултай жогорку мамлекеттик бийлик органы макамына ээ болуп калат. Бирок, элдик курултай өзүнүн табияты боюнча да, маңызы боюнча да, миссиясы боюнча мамлекеттик орган боло албайт. Анткени курултай элдик бийликтин органы. Ошондуктан ал элдин атынан, элдин жана коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрүнөн куралып, мамлекеттик бийлик органдары элдин кызыкчылыгында кандай иштешти, кандай жетишкендиктер жана кемчилдиктер болду, алардын жоопкерчилиги кандай болду деген сыяктуу маселелерди талкуулаганга укуктуу болушу керек. Демек, курултайдын конституциялык макамын аныктоодо аны мамлекеттик бийлик системасынан бөлүп карап, элдин өз алдынча башкаруучулук системасындагы коомдук орган катары карашыбыз мыйзам ченемдүү болот.

Мындан сырткары, ушул эле берененин 3-бөлүгүндө элдик курултайдын чечимдери сунуштамалык мүнөзгө ээ экендиги белгиленген. Бирок, 60-берененин 1-бөлүгүндө президент элдик курултайдын сунушу боюнча министрлерди жана мамлекеттик комиттеттердин төрагаларын кызматтан бошотот деп жазылып турат. Бул жерде элдик курултайдын чечимдери сунуштамалык мүнөзгө эмес, милдеттүү түрдө аткарыла турган макамга ээ болуп калган. Бул принципиалдуу талаш жаратуучу маселе. Анткени коомдук орган мамлекеттик бийлик органына милдеттүү түрдө аткарасың деген тапшырма же көрсөтмө бере албайт.

Албетте, элдик курултайды «хоп майли» деген органга айландырган болбойт. Ансыз деле «элдик курултай конституцияга кирсе, артка кетебиз», «Түркмөнстан болобуз», «Афганистан болобуз» деген сындар айтылып жатпайбы. Ошондуктан элдик курултай тиешелүү, болгондо да маанилүү, бийлик органдарына жана кызмат адамдарына таасир көрсөтө алган укуктарга ээ болушу керек. Бул талашсыз маселе. Бирок, ошол эле учурда, курултайдын ишмердигин мамлекеттик бийлик органдарынын спецификалык функцияларынын алкагынан чыгарышыбыз да жөндүү болот. Ошондуктан бул маселелер дагы кенен жана терең талкууларды талап кылаары шексиз.

-Маегиңизге чоң ыракмат.

Маектешкен Автандил Белеков