Кыргызстан оңолуу жолуна түштүкпү? "Кыргызстан" партиясы документ тапшырууда бир минута кечигип калды"- деген шылтоо менен ЖК депутаттыгына болгон шайлоого катышуудан БШК партияны  чыгарып койду. Эгер партия чын эле кечикен болсо  принцип деген принцип  бир минута үчүн шайлоого катыштырбай койгону туура. Эми мындан аары шайлоонун жүрүшү, деги эле мамлекеттеги баардык иштер "бир минуттай" так жүрөр бекен. Мени ошол көбүрөк ойлондуруп жатат.

"Кыргызстан" партиясы өз укугун сотто коргоп алаар. Мени таң калтырганы "Ата - Мекен" ,"Бир бол" сыяктуу партиялардын өкүлдөрү БШК чуркап барышып "бир минут" маселесинде "кызыл чеке суу мурун"- болуп жакалашып, БШКнын кысым көрсөтүп жүрүшкөнү болду. Ал жерде жүргөн, журналистерди, укук коргогуч коомдук уюмдарды түшүнсө болот. Алар өз иштерин аткарып жүрүшөт.

Саясый атаандашын "Каттабагыла. Чыгаргыла", - деп шайлоого катышам деген саясый партиянын өкүлдөрү чуркап жүрүшү эгер спорттун тили менен айтсак, "Мен муну менен күрөшпөйм. Мен аны менен мушташпайм, эптеп эбин таап оюндан чыгарып салгыла"- деп атаандашынан корккон спортчунун кылыгына окшоп калды. Чынында Кыргызстанда аларсыз деле "чырбаштар" жетиштүү. Жалгыз Өндүрүш Токтонасыров эле эмнеге татыйт. Ага орунбасар болуп чыгып келаткан окуучу жаштары да бар.

Шайлоого катышкан партия өкүлдөрү бири-биринен кынтык издеп интирига жасап чуркагандан көрө шайлоочунун добушун алууга убакыт короткондору туура го дейм.

Чолпонбек Абыкеев