Камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугунун оорлошуп жатканы айтылды. Бул жөнүндө анын уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыгышты.

Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кан басымы 76/60 болуп, инсульт же инфаркт оорусуна кабылышы мүмкүн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ЖМКга Алмазбек Атамбаевдин абалы бир калыпта экенин билдирген.

Булак: elgezit.kg