Журналист жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Аскар Акаевдин 75 жашка чыккан туулган күнүнө карата туңгуч президент тууралуу фильм тартты. Фильмде туңгуч президент менен маектешүү, ал башкарган жылдардагы Кыргызстандын ийгилиги жана анын замандаштары менен уул-кыздарынын пикирлери берилген. 

 

Акаев кыргыз элинин алдында абийири таза экенин билдирген. Эч качан уурдабаганын, мамлекеттин мүлкүн талабаганын белгилеген. Ага далил катары Азимбек Бекназаров башпрокурор болуп турган маалда өлкөдөгү бардык завод-ишканалар дыкат текшерилип, бирок Акаевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү активдер табылбаганын айткан. 

 

"Эгер табышса сөзсүз ачыкка чыгарышмак, элге жарыялашмак. Бактылуу болушмак", - деген Акаев Курманбек Бакиевге да ыраазычылыгын билдирген. 

 

"Бакиевге ырахмат, кандай ыкма менен келсе да биздин ак экенибизди, уурдоого аралашпаганыбызды далилдеп берди", - деген. 

 

 

 

Экинчи президент Курманбек Бакиев ушул жылдын 1-августунда 70 жашка чыкты. Бул датаны утурлай Кыргызстандагы телеканалдардын бири ага арналган тасманы эфирден кетирген. Бул айрымдар тарабынан өтө нааразычылык менен кабыл алынган. Бакиевди гана эмес, тасманы эфирден кетирген телеканалдын да дарегине ачуу сын айткан айрымдар качып кеткен мурдагы президенттер урматтоого татыктуу эместигин белгилешкен.