- Сабыр байке, сөздү учурдагы саясый кырдаалды талкуулодон баштайлы дегени турам. Азыркы кезде коомчулук ичинде Президент Сооронбай Жээнбековдун (Соке) айткандары, анан ошол сөзүнө жараша кылган аракеттери кызуу талкууланып жаткан кез. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өзүнүн иш аракеттеринин негизги багыты коррупцияга каршы күрөш багытында болорун айтып, учурдагы коопсуздук, укук-коргоо органдарынын жетекчилерин, сот органдарын катуу сынга алгандан бери коомчулук күтүү режимине өтүп, чечкиндүү чараларды талап кылып, четинен нааразычылык сөздөр да айтыла баштады. Сиз президенттин аракеттерине  кандай баа береер элеңиз?

 

- Азыр чындыгында, сен айткандай, каякка барсаң да Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзү талкууланып жатат. “А дегенден кийин Б деш керек, баштабайбы, кана кыймылдаганы (!), сөз бойдон калабы?” -дешип, чукчуңдашканга чейин барган дискуссияларга биз деле күбө болуп, катышып деле жатабыз. Бул эми элибиздин адилет, бакубат жашоого болгон көксөөсүнөн чыгып атат.

 

25 жылдык уурулук, өлкөнү талап-тоноодон, экономиканын сазга батып турганынан, жакырчылыктан туш тарапка каңгып аткандан тажагандыктан чыгып аткан сөз. Бийликтин бирден бир булагы болгон эл, бийлигин делегировать эткен атка минээрлеринен өз милдеттерин так, таза, абийрдүү аткаруусун талап кылганга укугу бар да. Анан мына минтип шайлоо жолу менен жаңы президент шайланды. Үмүт пайда болду. Коомчулук өзгөрүүлөрдү, жаңыланууну талап кылып атат. Элибиз, “кайрадан таз кейпибизге кетип калбайлы” деп Сооронбай Жээнбековду бир чети колдоп, бир чети шыкактап жатат.

 

Азыр коомдун кеңири катмары баш көтөрүп, үн чыгарып активдүү позицияга өттү. Кеңири катмар "какылыктаганда" ар кандай үндөр чыгат. Бири билип айтат, бири билбей айтат, көпчүлүгү "давай, сразу, ушу жерден, азыр чеч (!), деп кыйкырат. Анткени тажап бүтүшкөн. “Жаңы шыпыргы...” дегендей жаңы бийлик башынан ыкчам аракеттерге өтүүсүн талап кылып чычкалактап жатышат.

 

Экинчиден ууру-кески чоңдорду ушунчалык жек көрүшкөндөн улам, кимиси болсун, күнөөсү бар жогуна карабай “башын жулса” деп отурат. Анткени чиновник болуп жүрүп байыгандын баарын ууру деп эсептешет. Ошондуктан, эми бийлик коомдун кызыкчылыгы үчүн аракеттенбей, эскиче, көмүскө иштеп, жекече кызыкчылыктарга барышы кыйын болот. Биринчиден, буга коом жол бербейт, экинчиден, Сокени деле, азырынча жеке кызыкчылыктарга ооп кетет деп айыптоого негиз жок. “От души” аракеттенип баштады.

 

- Бирок ошентсе дагы, мына жаңы президенттин ишке киргенине жүз күн болду. “Ушунча убакытта, жок дегенде айлана тегерегиндеги артынан сөз илээштиргендерди тазалап, жаңы команда түзгөнгө жараган жок” дегендердики деле туура да. Ыкчам аракеттерди көрүүгө неге болбосун. Коом бул жагынан Сооронбай Шариповичке туура эле сындарды айтып жаткандай. Сиз макул эмессизби?

 

- Мен макул элемин. Ыкчамдык керек. Бирок, “ийгиликтин эрте кечи жок”, “шашкан коён аңга кирбейт”, “поспешишь, людей насмешишь” деген элдик лакаптарды да эстен чыгарбоо керек. Жаңы президенттин, Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүн мен: -“Коррупцияга каршы күрөш улантылат, жаңы дем менен, жаңы нукта улантылат” деп түшүндүм. Бул сөзү менен мурунку президенттин ишин, анын коррупцияга каршы күрөштөгү шакирттерин катуу сынга алды да, эй.

 

Коррупцияга каршы күрөш, Атамбаевчесинен, жеке кызыкчылыктарды ишке ашыра турган өнөктүк, саясый каршылаштардан өч алуу эмес, башка нукта, накта коррупционерлер менен күрөшүү болот деген сөз да. Коопсуздук Кенешиндеги тезистер эски президент менен анын кадрларына катуу тийип, жаңы президент менен карама-каршылыктар пайда болгонун көрүп туруп деле, “ыраазы болбой” эски менен жаңыны аренага жекме-жекке чыгарып, кан чыгаргысы келгендер, кеңири масштабдуу коррупцияга каршы иштерге жолтоо болорун сезбейби. Түшүнүксүз. Ансыз да, кызматтан кете элек эскинин кадрлары бут тосууларды болуп жатат го.

 

Бул күрөш бир күндүк күрөш эмес, тазаланууга карай узак жол. Мына, кечээ Коопсуздук Кенешинин жетекчисин кабыл алып, 8-февралдагы чечимдердин ишке ашыруу багытындагы коррупцияга каршы чаралар жана аткарылган иштер жөнүндө маалымат алып, тапшырмаларды берип атат. 45 иш-чара ишке ашырыла  баштаганы, кенешмеден кийинки бир айдын ичинде 2016-2017-жылга карата токтотулган же жабылган 200дөн ашык кылмыш иштери кайра көтөрүлгөнү, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жеке иштери суралып алынып, учурда алар текшерилип, декларацияланган мүлкү боюнча маалыматтын чындыгын текшерүү жаатында терең анализдөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

 

Мунун баары абдан чоң убакытты, аракетти талап кыла турган иш да. Бул иштердин аркасында далай адамдардын тагдырлары турат. Күнөөлүү, күнөөлүү эмес экенине карабай,  “чычкалактагандардын” кычуусун кандырыш үчүн, кылычты оңду-солду шилтеп, “концерт коюп”, көз будамайлап, анан баары кайрадан таз кейпине кеткени кимге керек? Сингапур, же жок дегенде Грузиядагыдай болуп коррупциянын тамырын кыркыш үчүн ойлонуп, шашпай иш кылыш керек. Ошондуктан “иштер жүрүп жатат, жакынкы аралыкта жыйынтыктар чыга баштайт” деп күтүп, азырынча, колдоо көрсөтүп турганыбыз эле туура дегим келет.

 

- Эми, өзүңүз көпчүлүк жыйынтык талап кыла берээрин айттыңыз. Ызы-чуу, нааразы болгондор көбөйгөн сайын президенттин рейтинги төмөндөй берсе кандай болот.

 

- Рейтинг деген ошондой бирде ылдый, бирде өйдө... Рейтинг нааразы болгондордун кыйкырыгынан эле көз каранды эмес. Жасалган иштерден да көз каранды. Мисаалы, мына жүз күндө эмне таасир этти рейтингге? “Фарид Ниязов кетпейт, кетире албайт” деп жүрдүк эле... Кеттиби? А биз мактап аткан Мирзиёев Өзбек КГБсынын башчысы Иноятовду бир жарым жылдан кийин алып, эми, эми күчүнө кирип атпайбы. Андыктан, кесе айтаардан мурда, кичине ой жүгүртүү да керек да. Алты ай өтсүн, ошондо көрөбүз. Ошондо деле Коопсуздук Кенешинде катуу сынга алынган жетекчилер ордуларында кала берген болсо, коррупциянын акулалары кылтака илинбесе анан... Ошондо, “а-аа, бовой калды” десек жарашат да. Туурабы?

 

- Болбой эле ушу темада сизди жарга такагым келип жатат. Коопсуздук кеңешинин катчылыгында иштеп кеткен Алмазбек Курманалиев деген жигит макала жазып Сороонбай Шариповичти сындады. “Коопсуздук кеңешинде Сооронбай Жээнбеков бирди айтып, иш жүзүндө башкача чечимдер кабыл алынды. Элди козутуп сүйлөп, сүйлөп койгону менен мурунтан биз иштеп, жасаган иштердин алкагында чеимдер кабыл алынды. “Мунун баарын Алмазбек Атамбаев жасаган, анын эмгеги, Соронбай Жээнбеков билчү, билип туруп билмексен болуп сүйлөдү”- деген айыптарды коюп жатат. Буга кандай дейсиз?

 

- Мен аны окудум, элдин ал тууралуу талкууларын да угуп атам. Ал бала макаласынын аягында “мен жумуштан кеткениме ичим күйүп жазган экен” деп ойлобогула дегенсиген пикирин да калтырыптыр. Бул эми, тиги баланын ич күйдүсү болбосо да экс-президенттин ич күйдүсү, “менин кадрларымды жаман дейсиң, бирок айлаң жок, мен жасап келе жаткан коррупцияга каршы иш чаралардын алкагында тапшырма бердиң го?”- деген актануусу, таарынычы катары кабыл алууга болот. Андыктан бул “жөө жомоктун” автору, тиги Максимден бери ар кимдин куйругуна жабышкак болуп жүргөн Алмазбек Курманалиев дегенге караганда экс-президент менен жумуштан кол жууган Фарид Ниязовду автор десек окшошчудай... АКИпресске жарыяланганы да ошол ойго түрткү бергенин көптөгөн серепчилер, саясатчылар айтып жатат.

 

Сооронбай Жээнбековго “чечкиндүүлүк жетишпей атат” дегенден башка реалдуу кылган иштер, катачылыктары боюнча сын пикир жок болгондуктан, бул макала, жанагы чыдамы кетип чычкалактап жаткандарга жага бербей, бетине кармашып, бир айтып бир, эки айтып эки койбой чуулдап жатышат. Бирок кандай деген күндө да, кеп чынында, бул макала ич күйдүлүктүн эле кеби, экс менен жаңынын ортосунда карама-каршылык күч экенинин далили, чычкалактагандар түшүнүп, тетирисинче, “ии, каршы чыгып аткан тура” деп ыраазы боло турган эле кеп экен.

 

Эми автордун аргументтери боюнча. Макаланы окуганда, негизинен, -“күпүлдөп катуу сүйлөдүң, бирок, аргасыз мен жасап келаткан иштердин алкагында тапшырма берүүгө аргасыз болдуң, мурунку коррупцияга каршы иштерди жокко чыгара албайсың, биз да иштегенбиз, бекер отурган эмеспиз, сен жеңил авторитет жасоого азгырылып бакылдаба, көрөбүз сенин кыйындыгыңды, баары алдыда”- деген сыяктуу кекенүү, нааразы болуу сыяктуу ойлорду камтыганы байкалат.

 

Ич күйдүгө алдырган экстин айлана-чөйрөсү бул “жөө жомокту” кыргыз коомчулугуна багыштап, эл алдында Сооронбай Жээнбековдун аброюн төмөндөтүү, өзүлөрүнө карата жасалган чабуулга коргонуу иретинде, жооп кылып жазганы көрүнүп турат. Макала албетте, маселени терең баамдабай,  үстүртөн кабыл алганга маш көпчүлүкө эсептелген. Себеби баам салган адам окуй келгенде, карама каршылык жок жерден карама каршылык чыгарып, элдин башын чаташтыруу аракети ачык байкалып турат.

 

Мисаалы Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөштүн мыйзамдык базасын өзгөртүү, укук коргоо органдарынын структураларын өзгөртүү, бири биринин милдетин кайталоолорду жоюу боюнча ж.б. жасалган иштерди сынга алган эмес. Бул багыттагы иштерди колдоорун, улантаарын айтып келет. Президент ошол коррупцияга каршы жасала турган иштер эмне үчүн жыйынтык бербей жатканын, ага ошол укук коргоо органдарынын башында отурган жетекчилердин күнөөсү бар экенин сынга алды. Өзүлөрү кыңыр иштерге аралашкандыктан, тоскоолдук жараткандан башка пайдалары жок экенин, алардын айынан ошол органдардын эффективдүүлүгү төмөндөп жатканын, алардын жэоопкерчилиги каралаарын айтпадыбы.

 

Ал “Атамбаевдин убагында коррупцияга каршы жасалган иштер түп тамырынан туура эмес, кайрадан башка, жаңы жол менен кетебиз” деп айткан болсо анда кеп жок. Анда, чын эле,  укук коргоо органдары тарабынан корупцияга каршы күрөш алкагында жасалып келе жаткан иш пландар боюнча тапшырма берсе туура эмес болмок. Ошондо бул “жөө жомоктун” аргументтери сай келмек.

 

Анан, экстин, “мен койгон кадрларымды сындагандан кийин, менин убагымда жасалып келе жаткан иштерди улантуу, күчөтүү багытында тапшырмаларды бергени туурабы (?)”, деп суроо салганы кандай? Логика жок. Болуптур кадрлар экстики экен, а органдар аныкы эмес, органдар мамлекеттики да.  Биздин түшүнүгүбүзчө Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы ишти улантып, жаңы деңгээлге көтөрүп, Атамбаевдин убагындагы алешемдиктерден, кемчиликтерден арылтып, кандайдыр бир, элге көрүнүктүү жылыштарды жасагысы келип жатат.

 

Сооронбай Жээнбековдун сөзү, аракеттери аркасында коррупцияга каршы күрөш жанданып, көп сырлар, анын ичинде ошол эле экс-президенттин  “коррупцияга каршы күрөш” шылтоосу менен кылган былыктары, анын укук коргоо органдарынын башына койгон, коррупция менен күрөшө турган кадрларынын өзүлөрүнүн кррупцияга аралашып кеткенинин бети ачылганы жатпайбы. Ошол себептен экс өзү баш болуп, чыйпылыктап, коргонуп, баш айланткан “жөө жомокторду” жазып жатат.

 

Анткени “коррупцияга каршы күрөш” ураанына жамынып алып, миллиардаган акчалар уурдалганын эл билип калды. Эми коомчулук, ошонун жообун сурап, талаптарын коё берет. А жоопту ким берет? Жоопту жалпы эл тарабынан шайланган Сооронбай Жээнбеков бериш керек. Жооп бере албаса, таарыхта кандай ат менен калаарын билет. Негизи өнүгүп, өсүш үчүн, үмүт, ишеним керек. Ансыз болбойт.

 

“Азыркы президент элдин ишенимин, элдин мүдөөсүн актайт” деген ишеним өчпөшү керек. “Кыргыздар ит экен, бир нормалдуу, элим деген азаматы жок. Тактыга отургузган башчыларынын баары ууру-кески, ичип-жегенден башканы билишпейт, колго чаап, кууп чыкмайын кутула алышпайт” деген ат жакшыбы? Акыры бир, адилет заман келиши керек да! Дүйнө жүзүнө уят болуп жүрө беребизби? Эсибизге келбесек мамлекеттүүлүгүбүздөн кол жууп калып жүрбөйлү.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, “Майдан. kg” гезити