Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен кетүүгө арызын жазган.   

 

Аталган фракциянын депутаты Алиярбек Абжалиевдин билдиргенине караганда,  фракция мүчөлөрү бүгүн жыйынга чогулушуп, лидердин арызын  кабыл алышкан. Бирок Бабановдун кетиши   тууралуу азырынча расмий билдирүү таратыла элек.

 

Эске салсак,   4-ноябрда Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишине   Бабановдун Он-Адыр айылындагы сүйлөгөн сөзү негиз болуп берген. Аны  конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутту деп айыпташууда.

Учурда Бабановдун Москва шаарында дарыланып жатканы айтылууда.

 

Ал эми «Республика-Ата Журттун» лидери ким болоорун фракция кийинки жумада чече турганы да белгилүү болду.