Экс-президент Аскар Акаев убакыт өткөн сайын Кыргызстан деген арман күүсүн узак чала баштады.

 

Ал массалык маалымат каражаттарына берген маегинде “Эмнеге мен өз мекениме кайтууга акым болбосун? Албетте, мен качандыр бир кезде кайтып келем. Мен өз мекениме түбөлүк кайтып келип, сөөгүм ошол жакка коюлса дейм. Мен кантсе да кыргызмын!”- деп көкүрөгүн керүү менен оор үшкүрүнсө АКШ менен Россиянын Кыргызстанга таасири тууралуу: “Тарыхый жактан Россия менен АКШны эч теңдештирүүгө болбойт. Америкалыктар кыргыздар үчүн ошол эле Марста жашоочулар менен бирдей. Алардан пайда алыста жаркылдап күйгөн, бирок эч жылуулук бербеген жылдызга барабар деп эсептейм. Ал каалаган учурда зыян алып келиши ыктымал”- деп акылдуусунган. Аттиӊ, ушул акылдары 2000-жылдары жылтыраган башында ойгонгондо кана ээ…
 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №46 (324), 10.10.2017-ж.