Россия президенти Владимир Путин Кыргызстан президенти Садыр Жапаровго Ардак Орденин тапшырып жатып, анын кыргыз-орус алакасын өнүктүрүүдөгү эмгегин жогору баалады. 

"Мен Садыр Жапаровго Россиянын мамлекеттик сыйлыгы - Ардак Орденин тапшырып жатканыма кубанычтамын. Сиз чынында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн көп нерсе жасадыңыз жана жасап жатасыз. Эки өлкөнүн саясат, билим берүү, маданият жаатындагы мамилелерин жакшыртуу сиздин активдүү позицияңыз жана кызыкдар болгонуңуз менен ишке ашып жатат. Мындан ары да кыргыз-орус алакасына ушундай көңүл бурасыз деп ишенем", - деди Путин.