Аксакалдар Азимбек Бекназаровдун бир катар билдирүүлөрүнөн кийин ага видеокайрылуу жасашты. Анда аксакалдар Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси кызматы барда унчукпай отуруп, кызматтан түшөөрү менен бийликке асылып баштаганын адепсиздик катары белгилешкен.
- Бекназаров кызматтан түшкөндөн кийин амбициясы күчөп кетти. Ар кайсы маалымат каражаттарына чыгып алып, билдирүүлөрдү жасап, жалган жалааларды айта баштады. Мен Азимбекти мурдатан тааныган, ишмердүүлүгүнөн кабары бар адам катары айтайын: ал эгер ушул азыр кызматта турганда эч убакта мындай сөзүн айтмак эмес. Буга кызмат гана керек. Кызматтан кетээри менен кимдир бирөөгө асылышы керек.
Камчыбек Ташиевге "Эл баатыры наамы туура эмес берилди, улуттар аралык кагылышка катышкан адам баатыр болбойт", - дегендей оюн билдириптир. Бекназаров элдин баарынан акылдуубу: Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы окуяда же кыргызга же өзбекке тарткан эмес. Ал эки элге бирдей аракет жасап, ынтымакка келтирди, жаңжалды басты. Ал баспаганда эки элден тең өлүм көп болот эле. 12 жылдан кийин эмгеги бааланып, наам алды. Бирок ал наамды эл эчак берип койгон болчу, президент буйрук гана чыгарды. Ушуга ичи тардык кылып жатасың. Бирдеме айтаардан мурда өзүңдү ойлобойсуңбу. Кызматтан түшсөң эле тынч жаткан элге дүрбөлөң салууну токтот!