Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарындагы иш сапары учурунда Россиянын Сбербанкынын иши менен таанышат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жапаров аны менен бирге Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барат. Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Россия Сбербанк» ААК башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.