Жарандык активист Кайып Шер соцтармактагы баракчасы аркылуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Анда жарандык активист мурдагы президентти учурда коргоп жаткан топтун бетин ачкан:

- Алмаз  Атамбаев, сен өзүң  “разменный монетка” болбосоң, мага кел. Анын таламын талашкан эргулдар башта Щвецияга качып барып жашап келишкен. 700 доллардан алып, аябай даярдыктан өтүп келишкен. Мисалы, Качкын Булатов. Ал эми Равшан Жээнбеков Атамбаевдин карачечекей кудасы болот. Бала- чакасы Америкада жашайт. Анын Госдептен алган өзүнчө максаты бардай.  Батышчыл саясатчылардын максаты элди кагыштырып, Кыргызстанда түндүк-түштүк чатагын чыгаруу. Ошонун арты менен Орусияны алсыратып, Орто Азиядагы таасиринен ажыратуу керек. Чөлкөмдө мындай ич ара чатак чыкканы Америка батыш өлкөлөрү үчүн табыла бербейт. Мындай жагдай кыргыздарга туура келбейт. Анткени, Орусиянын курамында Манастын киндик каны тамган жерибиз Алтай, Байкөл, Энесай, Сибирь шибер жерлерибиз эл -журт, байлык, ырыскы былк этпей турганда, Америкага, Батышка суутуп коюптурбу? Анан калса 2 миллион мигрант ошол жакта иштеп, алардын арты менен эл күн көрүп жатат. Алыс бол, арам ойдон.

Бул эле эмес дагы бир өңүттөн бузуку кылгандар бар. Теңирчиликке жамынган Гүлзат Алиева деген аял чыкты. Ислам динин кармангандарга акедей асыла бергени, акыркы убакта а түгүл кыргызчыл ата салтын карманган бизге окшогондорду дагы иренжитти, ойго салды. Ынтымакка дөө кетирмек болду ал аял. Чатак чыкканы керек беле деп эл ойлонуп жатат. Бул өңүттөн алганда  азыр сени колдомуш болуп жаткандардын көздөгөнү ушундай тополоңдун арты менен Европадан башпаанек алуу экени көрүнүп калды. Чындап келсе сенин тагдырың аларга сокур тыйынга бааланбайт. Эсине келбесең, аягында "лох" болуп каласың.

Ошондуктан, Алмаз, сен эсиңе кел. Көп нерсе жоготосуң. "Теңирчиликке жамынып, динчилдерге асылып элдин ынтымагын бузуп келген Гүлзат Алиева менен Алмаз Атамбаев кызматташып атабы", - деп эл дагы сага нааразы болууда. Сени коргогон адвокат Жоошевдин Гүлзат Алиеваны дагы сотто коргоп жүргөнү динге берилгендерди гана эмес, ата салтын так карманган кыргызчылдарды дагы ойлонтту. "Мунун артында бир балакет жокпу" дешип бир даары бушайман.

Ага карабай бул тапта көпчүлүк эл 7-апрель жана июнь окуялары боюнча акыйкатка суусап турат. Курманбек Бакиевдин пикирин дүйнөдө болуп аткан шартка жараша онлайн аркылуу укканга эл даяр! Курманбек Салиевичти угалы деп эл журт толук кулак төшөп турган чак. Бул процесс буйруса, сөзсүз ишке ашат.

Ошондон улам азыр Алмаз Атамбаев, сени шыкактап көкүтүп жаткан батышчыл НПОлор жана Батыштан башпаанек алып калалы деген эргулдардан колуңду үзүп сал. Эл менен бирге 7-апрель июнь окуясы боюнча Бакиевдин жоопторун ук. Соттун чечимин күт. Кыргыз эли айкөл, бирок ачуусу тарагыча шүк отур. Өзүңө дагы, элге дагы зыян кылба. Бул конфиликтолог катары сага кеңешим. Дагы да кеч эмес!