Президент Садыр Жапаров ББС Кыргыз кызматынын кабарчысы Кубат Чекировго маек берип, Атамбаевге байланышкан маселелерге жооп берген. Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин биринин үйү балдар үйүнө, экинчисиники карылар үйүнө айланганы тууралуу мамлекет башчы мындай деди:

"Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү".

Ал эми Атамбаевдин тарапташтарынын Арашан айылында митинг өткөрүп, бийликке бир катар талаптарды койгону тууралуу Садыр Жапаров "Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арта албайт", - деген. 

"Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет", - деп жооп берген президент.