Элдик трибуна

 

- Каныбек  агай, башка маселебиз аз келгенсип, чек арада дагы чыр чыгып, ок атылды. Чек арага чектеш жашаган жарандарыбыз коопсуз жайга көчүрүлдү. Мындай кырдаалда бийлик кандай аракеттерди жасашы керек жана президент бул ишке кийлигиши керекпи?

 

- Кыргыз расмий бийлиги чек ара коопсуздугун кошуна өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен биргелешип гана чече алат. Башка жолдордун баардыгы куралдуу кагылышууга алып келет. Биз ансыз деле кошуналарга көп жерлерибизди алдырып жиберип келебиз. Бул өтө туура эмес. Эч коркпой, тең-ата сүйлөшө ала турган адамдар жок болуп жатат, бизде. Андай инсандар, албетте бар. Бирок, аларды бийлике жолотпой келишүүдө. чынында чек ара маселесин президент өзү гана колуна алуусу керек!

 

- Россия Атамбаев менен Жээнбековдун тирешине неге кийлигишти?

 

- Кыргызстандагы саясий абал Россияны ар дайым кызыктырып келген жана мындан ары, ал турсун күчөгөн абалда кызыктырат. Анткени, Орто-Азия үчүн зор империялардын геосаясаттык кызыкчылыктары мурда болуп көрбөгөндөй курч абалга өтө баштады. Ошол коңшулардын ичинен эң эле “шогу” биз, кыргызстандыктар болуп келе жатабыз. Экономикабыз өлдү, социалдык саясатыбыз эң аянычтуу абалда. Жумушка жарактуу жаш уул-кыздарыбыздын дээрлик баардыгы сыртта көр оокаттын күнүн көрүп жүрүшөт. Демек, Кыргызстандагы абалдын курчушу Россияга жакпайт! Эмне талаш болуп жатканын Путин эң эле сонун түшүнүп турат. Ошондуктан биздин президент менен болгон байма-бай жолугушуулары дагы ошондон улам болсо керек. Атамбаевдин күндөн-күнгө күчөп, суракка келбей моюн толгогону көп нерсени айгинелеп турат. Аны эмдигиче суракка алып келип кылмыш иштерин изилдөөнү активдештире албай маалкатышып жатканында эле суроо көп! Бул келесоо тирешүүнүн аягы эмне менен бүтөөрүн Россиянын акылдуу башчылары жакшы түшүнүп калышты. Ошондуктан, кийлигишүүгө аргасыз болушууда. Алардын дагы өз кызыкчылыктары бар жана алар үчүн абдан маанилүү. Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетсе - абал андан бетер курчуйт. Анткени, эл тарабынан бийликке кыжырданган суроо көбөйөт. Президенттин бүгүнкү күндөгү жападан-жалгыз ийгилик катары сезилген антикоррупциялык күрөшүнө эми эч ким ишенбей калат. Натыйжада баардык чыңалууну президент өзү көтөрүүгө аргасыз болот. Эл толкуйт. Уурдалган акчаларды казынага кайтаруу боюнча маселени катуу коюшат. Жыйынтыгын жаш бала деле түшүнүп турат.

 

- Путин Атамбаевди эмне максатта кабыл алдыбы?

 

- Кыргыз саясий айдыңындагы азыркы абал өзүбүзду эле эмес өнөктөш Россияны дагы тынчсыздандырбай койбойт. Бул түшүнүктүү. Россиянын амбициялуу, империялык кызыкчылыгы бар. Бул геосаясаттын шайтан оюндары. Ошондуктан биз эзилип эле былжырай бергенибизден улам демилгени колуна алды. Алардын позициясынан карасак эң эле туура кылышты. Ал эми биз болсо өзүбуздүн алсыздыгыбызды ашкерелеп алдык. Аттиң дештен башка айла жок. Ушундан улам Путин Атамбаевди чакырып алды дагы айта турган сөздү катуу айтып, ордуна коюп койду.

 

- Каныбек агай, чек ара сыяктуу эле бүгүн билим берүү тармагында да кайдыгер карай албай турган жагдайлар жаралды. Билим берүүнүн сапатын жогорулатыш үчүн кандай реформаларга барышыбыз керек?

 

- Билим берүү саясатын эффективдүү жүргүзүү үчүн бийлик бул тармакты түп тамырынан бери өзгөртпөсө болбой калды. Айрыкча ишти ичинен билген адамдар тартылуусу абзел. Темирдей катуу тартип астында мамстандарттардан баштап, окуу китептерине чейин жаңылоо. Анан калса, алардын баарын өзүбүз гана, эч кандай сырткы псевдокеңешчилерсиз жасообуз абзел. Мугалимдердин айлыгын ички резервден эле көтөрсө болот. Керексиз мамлекеттик чыгымдарды токтотуу жолу менен.

 

- Жогорку окуу жайлардын санына басым кылганыбыз оңбу же билим берүүнүн  сапатын жакшыртышыбыз керекпи?

 

- ЖОЖларындагы абал азыр өтө төмөн. Анткени, министрлик бул маанилүү ишти колунан чыгарып жиберди. Формалдуу гана иш жүрүп жатат. Бүтүрүү дипломдорунун мамлекеттик талапка шайкеш келген сапаттарын катуу көзөмөлдөө керек.

 

- Контракттын эсебинен жан баккан окуу жайларда мугалимдер да лекция окугандан ээригип, студенттерге лекцияны ксерокөчүрмөдөн өткөрүп алгыла деген учурлары болот экен. Мындай жагдайды ким жөнгө салышы керек?

 

- Азыр мамлекеттик ЖОЖдордо өтө эле формалдуу билим берүү күчөп кетиптир. Мен өзүм КУУда лекция окуп жүрүп көрүп жатам. Баардыгы ректораттын эле колунан келе турган иш. ЖОЖдордо эбегейсиз чоң суммадагы контрактык акчалар жүгүрүп жүрөт. Аны ачык жана эффективдүү пайдаланууга эч ким даабай турат. Министрлик дагы кызыкпайт. Эгер ушул эле канал максаттуу иштетилсе көп көйгөйлөр чечилмек!

 

- Сындан башы чыкпаган Билим берүү министри мындан ары кандай багытта иш алып барышы керек?

 

- Мен муну комментарий кыла албайм. Айта берип тажадым! Эч ким укпайт. Бул элдин шору!

 

- Мындай кырдаалдан Билим берүү министрин эле алмаштырсак маселе чечилеби же чыныгы реформа жасалышы керекпи?

 

- Албетте радикалдык жолго баруу керек! Дүйнөлүк авангарддык практиканы эле пайдалануу керек. Жаңы нерсе ойлоп табуунун деле кереги жок. Ал үчүн таптакыр жаңы команда келүүсү зарыл!

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити