К. Талиева: Ал жерде кимдер оппозиция экенин деле билбей калды, эл...
- АШАнын өзү сүрөп, алып келген бийликке каршы чыгууга акысы барбы?
- Бөйрөктөн шыйрак чыгарып, ар бир айтылган сөздөн жамандык издеп, саясаттын сазына бата берип, эч нерсе тапкан жокпуз го. Бийликке да сес көрсөтүп, айтып турган күч керек. Ал эми, бул маселеде, түз эле айтканда, буга чейин деле эл тарабынан далай талаптар боюнча мөөнөт коюп, митингге чыгып келген окуялар болуп эле келген, ошонун эле бири. Мындан бир нерсе өзгөрүп кетсе жакшы эле, бийлик буга маани деле бербейт. Бул биринчиси. Экинчиси эгемен элдин укугу бар, өз оюн, пикирин эркин айтып туруу керек, ал эми партияларды да биздин элдин адамдары түзөт, биздин жарандар, алар деле, айта берсин, кимдир бирөөлөр айтып да турсун да...
Парламентте оппозиция деген фракциялар дээрлик өз функцияларын аткарбай жатышканы факт да. Ал жерде кимдер оппозиция экенин деле билбей калды, эл...
Коомдо оппозиция күчтүү болгондо гана мамлекетте бир өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр болот деген жакшы тилек кылалы.
Парламентте активдүү оппозиция болбогону үчүн эми бул күч сыртта болушуна шарт түзүлүп калды. Буга шартты бийлик өзү түзүп берип, бардык маселеде кош көңүл, кайдыгер, таш бака жүрүш менен, мамлекетте саясий температураны көтөрүп жиберүүгө, чыңалууга жол берип коюп, элдин ишениминен чыгып бара жаткандай...
Мамлекетте система өзү иштебей калды, чынында, оппозиция да эч нерсени өзгөртө албашы турган иш.
Саясий системаны, саясий маданиятты түп-тамырынан бери өзгөрүү жолун издеп турган учур. Андыктан, мындай сес көрсөтүүлөр, чыңалуулар коомдо бир таасир берчү күчтөрдү жаратууга, элдин аң- сезиминин өсүшүнө сабак болчу , элдин үнүн угуп жашабаса эртеңки тагдыр кандай болоорун унутпа деген белги деп эле кабылдаш керек.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити