Б.Мамырова: Убагында “оюндарга”, интригаларга бөлүнүп-жарылууга каршы пикиримди айтып турган мени өздөрүнө чакырышмак беле?
- Бөдөш айым, кезегинде парламентке сиз менен бир партиядан келген Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев баштаган кесиптеш инилериңиз бийликтеги “бештин бирине” айланган чактары. Ал экөө тарабынан сизге карата бийликтин короосуна чакырган “көз ымкоо” ишараты болгон жокпу?
- Бул эки инимди менин партиялаштарым деп айтпайт элем. Анткени “Ар-Намыс” партиясынын мүчөлөрү эмес болчу. Бирок, парламентте “Ар-Намыс” партиясы менен келип бир фракцияда отурганыбыз чын. Азыр аларга өздөрүнүн көз-караштарына, ой-пикирлерине төп келген, анан дагы принципиалдуу өз оюн айткандарды эмес, өздөрүнө ыңгайлуу, ынанымдуу адамдар керек болуп калса керек. Агымга каршы сүзгөндөргө эмес, агымга жараша иш кылган ийкемдүүлөргө көбүрөөк ыктап калышкандай. Анан калса береги эки инимден мени чакырып кеңеш сурайт деп деле күтпөйм. Анткени, 2010-2015-жылдарда биздин “Ар-Намыс” фракциясынын ичинде кандай чуу чыгып, кандай саясый “оюндар” болгондугун өзүңөр деле жакшы билесиңер да. Дал ошол оюндарда азыркы сен атаган менин эки иним негизги ролдо болушкан. Убагында “оюндарга”, интригаларга бөлүнүп-жарылууга каршы пикиримди айтып турган мени өздөрүнө чакырышмак беле? Бул жагы логикага да сыйбайт.
- Жакында өлкө башчыбыз Садыр Жапаров өлкөдө кадрдык таңсыктык бар экенин, мындан ары кадрларды Акаевчи же Бакиевчи дебестен, башка планетадан болсо да алып келүүгө даярдыгын билдирди. Чын эле өлкөдө кадрдык таңсыктык барбы?
- Кадрдык таңкыстык бар. Болгондо дагы билимдүү, тажырыйбалуу, иштин көзүн таба билген, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртө алган кадрлар жетишпейт. Бул көрүнүш мурда деле бар болчу, азыр ачык айтылып жатат. Биз эгемендикти алган 30 жылдын ичинде кадр даярдоо жагын колго ала албай келдик. Ошол эле мезгилде биздин абдан билимдүү, эл аралык деңгээлде билим алган, дүйнөлүк алкакта прагматикалык ой жүгүрткөн уул-кыздарыбыздан уучубуз куру эмес. Өкүнүчтүүсү, алар өз өлкөсүндө эмес, сыртта, дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип жүрүшөт. Алар убагында мамлекеттик кызматтарга тартылбай, көз жаздымда калышып, кадр катары даярдоо ыкмасы жүрбөгөндөн кийин көпчүлүгү чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Өлкөбүзгө келген күндө деле эл аралык деңгээлде, мыйзам чегинде иштегенге калыптанып калышкан соң, биздин системабызга, чиновниктик иш стилибизге бат киришип кете алышпай, тез эле сүрүлүп калып жатат. Бизде кандай система иштерин баарыбыз эле билебиз да. Бул жагынан караганда Президент айткандай кадрдык таңкыстык бар. Бирок, кадрдык таңкыстыкка карабай бүгүн бийликти ар кандай жолдор менен курап жатышат. Азыр министрлер, аким, губернаторлор алмаштырылганын карап туруп, ынгайлуу тизме менен “ылайыктуулар” келип атканын байкасак болот.
Ошол эле учурда тажрыйбалуу, билимдүү, артында “калбыры” жок таза кадрларды иштей турган маалында үйлөрүнө отургузуп койдук. Кадрдык таңкыстык дегенибизди бир сөз менен түшүндүрүү да кыйын. Илим-билимдүү, кыздар-балдарыбыздан тышкары тажрыйбалуу, өз ишинин майын чыгара иштеген кесипкөй кадрлардан деле уучубуз куру эмес. А бирок, мындай катмардагылар эмнегедир бийлик бутактарына тартылбай жаткандай. Айтор, бул жагынан ой жүгүрткөнүбүздө такыр эле кадрдык таңкыстык бар деп айтуу кыйын.
- Учурда салыктар тыкыр эсептелип, мамлекеттик казынаны толтуруунун айласы көрүлүп жаткан чак. Буга нааразы болгондорду кандай түшүнөбүз?
- Кезегинде малга паспорт берүүнү демилгелеп, ал да бир топ уу-дуу талкууга түшкөн. Өзүңөргө маалым, убагында ХИПК программасын көтөрүлүп “кире койсок эле укмуш болобуз”- деген идея дагы А.Жапаров өкмөттө турганда демилгеленген. Азыр малдан салык алуу идеясы дагы депутаттар тарабынан көтөрүлгөнү менен А.Жапаровдун мезгилинде айтылды. Бул А.Жапаровдун сенсациялуу илеяларына шайкеш келип турат. Дагы жакшы, өлкө башчыбыз Садыр Жапаров буга кескин каршылыгын билдирип, маселе тынчып калды. Малга салык салганды эмне кылабыз, андан көрө казынабызга салык төлөгөндөн качкан мекеме-ишканаларды, чоң-чоң фирмаларды “кустуруп” алалычы. Кээде чын эле “биздин казынабыздын түбү тешилип калганбы, айла кетип, айбандардан үмүт кылып калганбызбы?”- деген ой да келет экен. Азыр өкмөттө отургандардын көбүнүн бизнестери бар. Ошолор элге үлгү болуп, өздөрү төлөшсүн. Салык системасы мал жандыктан салык алуу эмес, кирешелүү мекеме, ишкана фирмалардан алыш керек деген түшүнүктү киргизгенибиз оң болот эле.
- Бийликке мындай сын айтуу албетте, жеңил. Сынга удаа сунуш айтуу жагынан да идеяларыңыз барбы? Анан калса азыркы бийликте бир кездери парламентте сиз менен чогуу отурган өңчөй инилериңиз отурушат...
- Туура, сын айткан оңой. Бирок, ошондой сындардын да керектүүсүн өзүңө сиңирип алып, пайдаланып, жооп кайтарып койгон деле пайдалуу болот. Сын да жөн жерден айтылбайт. Айтайын дегеним, сын пикир айткандын баарын эле душман санабаш керек. Мамлекет, бийлик жалаң эле жогорку даражадагы чиновниктердики эмес, жалпы элге таандык болгондон кийин чогуу-чаран, түшүнүү менен иш алпаруу керек. Албетте, өткөндөн сабак алып, мурункулардын кемчилигин кайталоодон этият болуп, адамдарга аяр мамиле жасап, “мыйзам баарына бирдей иштейт” деген принцип менен ички-сырткы көйгөйлөргө дыкат көз салып, нааразычылыкты болтурбоону колго алса деген тилектемин.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg” гезити