М.Жетимишбаев: Кудайдан тилегенибиз ушул достук байланыштарынын улана бериши эле.

- Мурат агай, президенттин Кытайга болгон иш сапары жемиштүү болдубу?

- Албетте, өтө жемиштүү болду. Мен биздин ажону чоң урмат-сый менен тосуп алып жатканын көрүп, абдан толкунданып, сүйүнүп отурдум. Алар деле азыркы биздин бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын, экономикалык өзгөрүү аракеттери көрүлүп жатканын туура түшүнүп, колдоп жатышкандыгы деп айтсак туура болот! Бир сөз менен айтканда Садыр Нургожоевичтин бул сапары болуп көрбөгөндөй жемиштүү болду десек эч жаңылышпайбыз!

- Кытайдын башчысы башкаларга карызга, бизге гранттык негизде ири сумма бериптир. Чоң суммадагы каражатты кыргыздарды урматтаганы үчүн бердиби же Садыр Жапаровдун адам катары, президент катары жакшы таасир калтырганы үчүн бердиби?

- Биздин президенттин эң негизги максаты Кыргызстандын тышкы карызынан кутулуу экендигин биз эле эмес башка өлкөлөр дагы жакшы түшүнүп калышты. Менин оюмча, биздин ажо өзүнүн калган коллегаларына окшоп Кытайдан карызга акча сураган жок. Кытай биздеги экономикалык стабилдүүлүккө туура баа берип, дагы стимул катары гранттык каражатты бергендиги эң жакшы чыныгы достук кадам деп баалашыбыз керек

- Президенттин Кытайдагы иш сапарынан кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат дегенге чындап ишенсек болобу?

- Темир жолу куруу маселеси Бакиев президент болуп турган мезгилде эле башталган. Бирок ар кандай саясый окуялардын кесепетинен кийинкиге жылып келген. Эми учур келди. Биздин республика Кытай мамлекетинин ишенимине ээ болгондугунан кайрадан келишимге кол коюлду. Бул темир жол курулушу үч мамлекетке тең чоң экономикалык утуш алып келмекчи. Кудайдан тилегенибиз ушул достук байланыштарынын улана бериши эле.

- Ал темир жол курулса, “Кыргызстанды Кытай басып кетет” деп айрымдар коңгуроо кага башташты. Ынансак болобу?

- Ал болбогон кеп. Ал биздин мамлекетибиздин өнүгүп өөрчүп кетишин көрө албагандардын чыгарган жомоктору. Андай сөздөрдү кулактын тышынан кетиришибиз керек. Бүткүл дүйнө бири бири менен гана байланышканда мамлекеттерде өнүгүү өрчүү болоорун эсибизден чыгарбашыбыз керек!

Булак: “Майдан.kg” гезити