Бишкек, "Саясат.kg". Ал мындан ары териштирүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилди.

УПСМ

Жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуну МККБ кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 29-январында болжол менен саат 13:00 чамасында 7-Апрель көчөсүндө «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жашы жете элек балага урунуп, андан кийин жол кырсыгы болгон жерден изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жол кырсыгына тиешеси бар айдоочу аныкталып, кармалган. Ал мындан ары териштирүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилди.

МККБ бардык айдоочуларды Жол эрежелерин так сактоого чакырат жана жол кырсыгы болгон учурда окуя болгон жерден кетип калуу мыйзамды одоно бузуу экенин эскертет. Ар бир айдоочу токтоп, тиешелүү органдарга жардам көрсөтүүгө милдеттүү.